Орусиянын Иркутск облусуна караштуу Ангарск шаардык соту Сибирь аймагын Орусиядан бөлүп "Уралдан Тынч океанга чейинки чөлкөмдө өз алдынча республика түзүүгө" чакырган жергиликтүү тургунду психиатриялык ооруканага жөнөтүү чечимин 20-сентябрда кабыл алды.
Иркустк облустук прокуратурасынан кабарлашкандай, ысымы аталбаган жаран Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарды жасаганы үчүн айыпталган.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, айыпталуучу Сибирди Орусиядан бөлүү чакырыгын 2016-жылдын январь айында интернеттеги баракчасы аркылуу жасаган.
Сот аны акылы ордунда эмес деп таап, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөттү.
Москва Украинанын Крым аймагын 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин Орусиядан көз карандысыз болууга чакырган майда жумурияттардын жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.