Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Рыспай Абдыкадыровдун клубу жертөлөгө көчүрүлүүдө


Обончу жана композитор Рыспай Абдыкадыровдун Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жайгашкан клубунда сакталып турган обондуу ырлар жыйнактары менен катар айрым экспонаттары жертөлөгө көчүрүлүп жатат.

Клуб буга чейин иштеп келген бөлмөнүн жарымын окуу жай алып койгондуктан, сакталган буюмдарды жертөлөгө алып кирип жатабыз деди клубдун жетекчиси Султан Борошев:

- Бул окуу жай имаратындагы клуб Абдыкадыров көзү тирүү кезинде ачылып, анын элеси жана издери сакталып калган жай. Университет жетекчилиги ансыз да чакан бөлмөнү тар кылып, ортодон бөлүп салды. Оңдоо жана сырдоо иштерин да өз жанымдан бүтүрүп жатам. Обончунун эмгегин сыйлашса болмок, - деди Борошев.

Ал эми ЖАМУнун ректораты окуу жайда бөлмөлөр тартыштыгынан улам ушул кадамга барганын билдирет.

Рыспай Абдыкадыровдун клубу 1994-жылы уюшулган. Учурда мында 300дөн ашык обондору, колдонгон бумдары, видео тасмалар сакталат. Өлкө аймагында 70, чет өлкөлөрдө 11 жерде филиалдары ачылган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн. 1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоонун этегине коюлган. (RsK)

XS
SM
MD
LG