Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Бишкекте Зулпукаар Сапановду колдогон жыйын өттү


Зулпукаар Сапанов
Зулпукаар Сапанов

"Диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деген негизде төрт жылга эркинен ажыратылган журналист Зулпукаар Сапановду колдоо жыйынын анын тарапкерлери жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму уюштурду.

Ага журналисттер, саясатчылар, коомдук ишмерлер келишти. Сапановдун камалышы сынга алынып, ага сот оор жаза берип койду деген ойлор айтылды.

Катышуучулар КТРК жана ЭлТРдин жетекчилерине түз кайрылып, бул темада талкуу өткөрүү талабын коюшту.

Ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоодо ат салышып жаткан талапкерлерди Сапанов боюнча позициясын билдирүүгө чакырышты.

Мындан тышкары камактагы журналистти бошотуу талабы камтылган резолюция кабыл алуу чечимине келишти.

Журналист Зулпукаар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлери "диний кастыкты козутууга багытталган" деген негизде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган.

Сапановдун китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин айрым дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду "китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Миң нускада жарык көргөн китеп толугу менен жок кылынган.

Дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү китепте жазылгандар талаштуу экенин, бурмаланган фактылар көптүгүн, исламга акаарат келтирген учурлар бардыгын айтып жатышат. Журналист жана аны колдогондор муну менен макул эмес.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналисттин сот өкүмүн "инквизицияга кайтуу" деп атады. Ал өкүм өтө катаал болуп калганын белгилеп, Сапанов абактан бошотулушу керектигин айтууда. (NT)

XS
SM
MD
LG