Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

БШК: Мамлекеттик кызматкерлер үгүттөөгө акысы жок


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов вице-премьер-министр, өкмөттүн шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча штабынын башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунда бийликтин талапкерин колдоого чакырганы боюнча комментарий берди. Ал “Азаттык” радиосуна мамлекеттик кызматкерлердин үгүт ишине катышуусуна мыйзам жол бербей турганын айтты.

- Мыйзамдын нормасы боюнча мамлекеттик кызматкер кайсы бир талапкерди жактап же каршы үгүттөөгө акысы жок. Эгер кандайдыр бир мамлекеттик кызматкер үгүттөө ишине аралашкан болсо биз ошол администрациясына, ошол мамлекеттик органдын жетекчилигине адмнистративдик жана башка чара көрүү боюнча өтүнүч жиберебиз.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облус активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдоорун айтып, сураныч келтирген. Жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип жатып, анын сөздөрүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG