Кыргызстандык спортчу Бекзат Тынчтыкбек уулу ушул күндөрү Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн жеңүүчү аталды.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак 20-сентябрь күнү 55 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Тынчтыкбек уулу финалда түркмөнстандык Сапа Жумаевди жеңип, бул оюндардагы Кыргызстандын пайдасына жазылган экинчи алтын медалды алып келди. Буга чейин алгачкы алтын медалды жиу-житсудан Абдурахманхажи Муртазалиев тагынган. 20-сентябрда болгон бешинчи мелдеш күнүндө кыргызстандык спортчулар алтын байгеден сырткары үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болду.
Күмүш байгелерди бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн Эрланбек Мурзабеков (-60 кг.), Мээрим Мыйзамидин кызы (-55 кг.), Мээрим Момунова (-60 кг.) алса, коло медалдарды күрөштүн ушул эле түрүнөн Орозбек Ашыров (-100 кг), Мадаминбек Шаршеналы уулу (-70 кг) жана Нурзат Бактияр кызы (-70 кг), тай боксчу Бекжан Матисаев алды. Жеңил атлетчи Арина Клешчук 800 метрге жарышып 3-орунду алып, экинчи коло байгени Кыргызстандын капчыгына салды. Ал буга чейин 1500 метрге чуркап коло байге алган эле.
Бешинчи мелдеш күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстан медал алган өлкөлөрдүн катарында эки алтын, тогуз күмүш жана 15 коло менен 12-катарда бара жатат. Медал алган өлкөлөрдүн көч башын 124 байге менен мелдеш кожоюндары жетектеди. Түркмөн спортчулары 52 алтын, 35 күмүш жана 37 коло медал алган. Алар алган байгелердин басымдуу бөлүгү түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү жана жиу-житсу спортунан.
Бүгүн, 21-сентябрда бел боо күрөшүнүн программасына кирген казак күрөшү жана пахлавани, бильярд, боулинг, ат спорту, өзбек күрөшү (кураш), тай боксу, таэквондо, веложарыш жана оор атлетикадан байгелер ойнотулат.
17-сентябрда башталган жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрда аяктайт. Байгелер спорттун 21 түрүнөн ойнотулат. Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн мелдештерге чыгат. (ECh).