Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:20

Парламент чек ара келишимин жабык талкуулап жатат


Ош облусунун Кара-Суу району. Кыргыз-өзбек чек арасы.

Жогорку Кеңеш ушу тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимди жабык карап жатат. Жыйында маселени ачык кароо да сунушталды.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев алгач баяндаманы ачык угуп, андан кийин талкууну жабык өткөрүү демилгесин көтөрдү. Аталган фракциянын дагы бир депутаты Данияр Аттокуров отурумду баштан-аяк жабык кароону сунуштап, каттоодон өткөн 92 депутаттын 72си "макул", он төртү "каршы" деген добуш берди. Натыйжада маселе жабык каралууда.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге быйыл 5-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын 85% такталган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG