Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Зилалиев: Жолугушуудагы сɵздɵрдү жаздырып алуу мыйзамсыз болгон


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунун активи менен жолугушуусунун чоо-жайы тууралуу журналисттерге берген түшүндүрмөсүндө айтылат.

- Мен андай сɵздɵрдү айтканымды танбайм. Бирок коомчулуктун кɵңүлүн эки жагдайга бургум келет. Биринчиден, бул бейформал маанайдагы, чакан чɵйрɵдɵгү жолугушуу болчу. Ал жерде болгон сɵздɵрдү жаздырып алуунун ɵзү мыйзамсыз болгон. Экинчиден, менин сɵзүм жалпы контексттен бɵлүнүп калыптыр. Эгерде ал жерде болгондордон сурап кɵрсɵңүздɵр, алар менин жеке суроолорго гана жооп бергенимди тастыкташат. Ал жерде айткандарымды үгүт катары кабыл албоосун бир канча жолу эскерткем. Жеке оюңду сурап жатышса, жооп бересиң да. Кызмат адамы эмес, инсан катары жеке оюмду билдиргем. Абдан ɵкүнүчтүү, бул мен үчүн сабак болду. Сенсацияны кууган айрым маалымат каражаттары бул абалдан пайдаланып, жеке жашоомо кийлигишип жатышат, - деди Зилалиев.

Дүйшөнбек Зилалиев 19-20-сентябрда аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырган. 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, чогулгандарга аны колдоо боюнча жеке суранычын келтирген.

Кийинчерээк жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип, өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген.

"Азаттык" радиосу Дүйшөнбек Зилалиевдин облус активи менен жолугушуусу облустук администрациянын имаратында иш убактысында - саат 14.00тө ачык өткөнүн маалымдайт. Кошумчалап койчу жагдай, “Азаттык” вице-премьер-министрдин жыйында сүйлөгөн сөзүнүн негизги бөлүгүн жарыялаган. Толук версияны жарыялоо зарыл деп эсептеген эмес.

21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, аны шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтетти. Штабды жетектөө милдети коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөлдү. (NT)

XS
SM
MD
LG