Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Талас: Жээнбеков менен жолугушууга окуучулар да барды


Талас
Талас

КСДПдан президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун Талас облусунун Манас районундагы жолугушуусуна келген элдин арасында мектеп окуучулары да жүрөт.

Бул тууралуу ошол жерде жүргөн "Азаттык" радиосунун аймактык кабарчысы билдирди. Маалыматка караганда, жыйынга жалпысынан 500дөй киши келген. Райондогу "Улукман" лицейинин жогорку классынын окуучуларынын айрымдары лицейдин директору "Сооронбай Жээнбековдун концертине баргыла" деп окуудан бошотконун, жадыбал боюнча бүгүн алты сабак окуй турганын айтышты.

Ал эми Манас райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Замир Маркашов жогорку класстар бүгүн үч сабак окууга тийиштигин белгилеп, окуучулардын жыйынга келгенин алардын концерт көрүү максаты менен байланыштырды.

Талапкердин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында эл менен жолугушуусу бүгүн түшкө чейин Манас райондук Маданият үйүнүн алдында өттү. (AlS/NT)

XS
SM
MD
LG