Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Гани: АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы ийгилик тапчудай


Ашраф Гани БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөөдө. 19-сентябрь, 2017-жыл.
Ашраф Гани БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөөдө. 19-сентябрь, 2017-жыл.

БУУнун Башкы ассамблеясына барган ооган президенти Ашраф Гани бул тууралуу Нью-Йоркто, Азия коомунун жыйынында сүйлөгөн учурунда айтты.

Гани белгилегендей, АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын Ооганстандагы согушту ийгиликтүү аяктап, америкалык аскерлерди чыгарып кетүү стратегиясы “Обаманын Ооганстанда өнөктөшү жок болгондон улам ийгилик тапкан эмес.

Азыркы президент Дональд Трамптын “Ооганстанда өнөктөштөр тобу бар, ал стратегиясын биз менен кеңири консультация кылгандан соң иштеп чыкты", - деди Гани.

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзайдын бийликтеги акыркы жылдары АКШнын мурдагы администрациясы менен мамилеси бузулган болчу.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттистин апта башындагы билдирүүсүнө караганда, жаңы стратегиянын алкагында Ооганстанда кошумча 3000 аскер жайгаштырылып, ал жердеги америкалык аскерлердин жалпы саны 14 миңден ашты.

Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Ооганстандагы АКШ аскерлеринин саны 100 миңден ашкан учурлар болгон.

Азыркы администрациянын буга чейин жарыяланган стратегиясы боюнча ооган кризисине “аймактык”, ошондой талип согушкерлери менен башка экстремисттик топторго башпаанек бергени үчүн Пакистанга катаалыраак мамиле жасалат. Пакистан өз тарабынан мындай айыптоолорду четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG