Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

“Кыргызтест” борбору өкмөттүн карамагына өтөт


Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Кыргызтест” борбору 22-сентябрдан тарта өкмөттүн карамагына өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Мындай чечим борбордун макамын жана милдетин жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Аталган мекеме өкмөттүк макам алгандан кийин кыргыз жана башка тилдерди окутуучу мугалимдерди даярдоочу борбор түзүлөрү кабарланды.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. "Кыргызтест" лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. Бул система президенттик шайлоодо талапкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында быйыл алгач ирет колдонулду.

Алгачкылардан болуп 2014-жылы декабрда президенттик аппаратта иштеген кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырган. (BD)

XS
SM
MD
LG