Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

22-сентябрдын аба ырайы


Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 22-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29;

Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;

Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 22-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 10...12, күндүз 27...29 градус жогору болот.


XS
SM
MD
LG