Мындай эскертүүлөр Ирактын Күрт автономиясынын көз карандысыздык боюнча референдуму алдында жасалып жатат.
Аталган үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери кечээ БУУнун Башкы ассамблеясында жолугуп, анын артынан таратылган билдирүүдө алар референдумга “айныксыз каршы” экени айтылды.
Иран, Ирак, Түркиянын билдирүүсүндө ошондой эле референдум “конституциялык эмес” деп аталып, ага каршы чараларды үч өлкө координациялай турганы айтылган.
Ирактын күрт лидерлери көз карандысыздык боюнча жыйынтыгы дароо эле мыйзамдык күчкө ээ эмес референдумду 25-сентябрда Күрт автоном жана ага коңшу аймактарда өткөрүүнү көздөп жатат.
Коңшу Иран менен Түркиянын референдумга каршылыгы алардын аймагында жашаган, чоң сандагы күрт азчылыгын да мындай ушундай кадам жасоого шыктандырышы мүмкүн деген кооптонууларга байланыштуу. (UE)