Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Казакстандын мурдагы премьери Ахметов абактан чыкты


Серик Ахметов.
Серик Ахметов.

Элүү тогуз жаштагы Серик Ахметов түрмөдөн бүгүн бошотулду. Ахметов коррупция боюнча айыпталып, 2015-жылдын декабрында 10 жылга абакка кесилген. Ал башында өзүнө коюлган айыпты четке каккан эле.

Бирок 2016-жылы күнөөсүн моюнуна алып, кечирим берүүнү сурагандан кийин жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылган.

Президент Нурсултан Назарбаев жарыялаган мунапыска ылайык, Ахметовдун жаза мөөнөтү быйыл январда да бир жыл жети айга кыскартылган.

Ал эми 6-сентябрда Казакстандын Караганда облусундагы сот мурдагы премьердин абак мөөнөтүнүн калганы шарттуу кесүү - “эркиндигин чектөө” менен алмаштырылат деген чечим чыгарган. Соттун бул чечими бүгүн күчүнө кирди. (UE)

XS
SM
MD
LG