Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Мексикадагы зилзала курмандыктарынын саны 230га жетти

Мехикодогу куткаруу иштери. 20-сентябрь, 2017-жыл.
Мехикодогу куткаруу иштери. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Бул маалыматты өлкөнүн жарандык коргонуу мекемеси ырастады.

Кубаты Рихтер таякчасы боюнча 7,1 баллга жеткен зилзала борбор Мехикодо жана анын айланасында 19-сентябрда болгон. Урандылар алдында калгандарды куткаруу иштери али уланып жатат.

Жыйырма миллиондой калкы бар Мехиконун мэри Мигел Анхел Мансеранын айтымында, борбордо кеминде 44 имарат кыйрады. Алардын арасында көп кабаттуу үйлөр, мектептер бар.

Быйыл 7-сентябрда да Мексиканын жээгинде күчү сегиз баллдан ашкан жер силкинүүсүнөн кеминде 98 кишинин өмүрү кыйылган.

Ал эми 1985-жылкы зилзаладан Мехикодо 10 миң киши мерт болгон. Эки күн мурдагы жер титирөө ушул жаратылыш кырсыгынын 32 жылдыгына туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG