Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Бабановдун штабы КТРКнын үстүнөн БШКга арыз жазды


Бул тууралуу президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, арызда КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналында 20-сентябрында ободон кеткен макалада айтылгандарды "чындыкка дал келбейт" деп табуу талабы жазылган:

- 2017-жылдын 20-сентябрында чыккан макаланы "чындыкка коошпойт" деп табууну, КТРКны түзөтүү берүүгө милдеттендирүүнү, шайлоо мыйзамын одоно бузганы үчүн Коомдук каналдын аккредитациясын чакыртып алууну, Башкы прокуратурага КТРК журналисттеринин жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү тапшырууну талап кылдык.

20-сентябрда КТРКда “Адамдын амалы чексиз” деп аталган макала кыргыз-орус тилдеринде чыккан. Анда президенттикке талапкер Бабановдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасы тууралуу сөз болгон. Бүгүн парламентте "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев бул макаланы сындап, Бабановду "каралоо аракети" деп атады.

Өмүрбек Бабанов менен Нурсултан Назарбаевдин кездешүүсү жөнүндө маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында 19-сентябрда жарыяланган. Жолугушууда "эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси" талкууланганы жазылган. Бирок жолугушуу качан, кайсы жерде болгону маалымдалган эмес.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга каршылык нотасын жөнөтүп, муну бөтөн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалаган.

Ошол эле күнү Казакстан ТИМи Бишкектин нотасына жооп кайтарып, кыргыз дипломатиясына таң калганын, казак лидеринин башка өлкөнүн саясий ишмерлери менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгенин белгилеген.

КТРКнын жетекчилиги Бабановдун БШКга арызы боюнча комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG