Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:48

Бул тууралуу Коомдук телерадиокорпарациянын башкы директору Илим Карыпбеков президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы тараткан маалыматка байланыштуу билдирди. “Азаттык” радиосуна жооп берип жатып ал, КТРК мыйзамдын чегинде иштөөгө аракет кылып келатканын айтты.

- Биз дагы алар айткан доомат боюнча маалымат каражаттары аркылуу уктук. КТРК жана башка маалымат каражаттарын сотко берип жатабыз деген маалымат таратышты. Бирок бизге расмий түрдө эч кандай кагаз келе элек. Эгер кандайдыр бир кагаздар менен келсе, аны карап чыгып анан айта алабыз. КТРК мыйзам чегинде ишин алып барганга буга чейин дагы аракет кылып келген, мындан ары дагы аракет кыла беребиз.

Талапкер Өмүрбек Бабановдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналында 20-сентябрында ободон кеткен макалада айтылгандарды "чындыкка дал келбейт" деп табуу талабы менен БШКга арыз жазышканын билдирген. Анда Коомдук канал шайлоо мыйзамдарын бузганы белгиленип, анын аккредитациясын чакыртып алууну, Башкы прокуратурадан каналдын журналисттеринин жана башка адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү талабы айтылган.

20-сентябрда КТРКда “Адамдын амалы чексиз” деп аталган макала кыргыз-орус тилдеринде чыккан. Анда президенттикке талапкер Бабановдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасы тууралуу сөз болгон. Бүгүн парламентте "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев бул материалды сындап, Бабановду "каралоо аракети" деп атады.

Өмүрбек Бабанов менен Нурсултан Назарбаевдин кездешүүсү жөнүндө маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында 19-сентябрда жарыяланган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга каршылык нотасын жөнөтүп, муну бөтөн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалаган.

Ошол эле күнү Казакстан ТИМи Бишкектин нотасына жооп кайтарып, кыргыз дипломатиясына таң калганын, казак лидеринин башка өлкөнүн саясий ишмерлери менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгенин белгилеген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG