Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Орусия АКШны Сирия боюнча эскертүүдө


Ракка шаары. 22-август, 2017-жыл.
Ракка шаары. 22-август, 2017-жыл.

Орусия эгер бул жерде Сириянын өкмөттүк күчтөрү АКШ колдогон күрт кошуундарынын турумдарына сокку урса, дароо жооп болорун эскертип жатат. Мындай эскертүүнү бүгүн Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков жасады.

Буга чейин 16-сентябрда АКШ баштаган коалиция алар колдогон Сирия демократиялык күчтөрүнө Орусиянын аскерий учактары сокку урганда бир нече киши жарадар болгонун билдирген. Бирок орус Коргоо министрлиги бул маалыматты четке каккан болчу.

Учурда Орусия менен АКШ Сириянын Иракка жакын чыгыш бөлүгүндө “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы эки башка чабуулга колдоо көргөзүүдө.

Сириянын Орусия жана Иранга байланышы бар кошуундар колдогон өкмөттүк күчтөрү Деир ал-Зор шаарынын басымдуу бөлүгүнө көзөмөл орнотту. Ал эми АКШ абадан колдогон Сирия демократиялык күчтөрү алар азыр Деир ал-Зордун түндүгүндөгү Ракка шаарынын 80% ээлегенин айтышууда. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги далил келтирбегени менен Раккадагы операция токтогонун, Сирия демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Деир ал-Зорго жайгаштырылганын ырастап жатат.

Сирия демократиялык күчтөрү өкмөттүк аскерлердин турумун эки жолу миномёттон жана ракетадан аткылады деген маалыматты бул топтун кол башчыларынын бири Ахмед Абу Хаула четке какты. (UE)

XS
SM
MD
LG