Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:18

Ирактын күчтөрү акыркы эки аймакты ИМ тобунан бошотууга киришти


Ирактын Хавижаны бошотууга бара жаткан күчтөрү. 21-сентябрь, 2017-жыл.
Ирактын Хавижаны бошотууга бара жаткан күчтөрү. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади жарыялагандай, мунайга бай Киркук провинциясындагы Хавижа шаарын бошотуу операциясы бүгүн таңга маал башталды.

АКШ баштаган коалиция абадан колдогон чабуулга аскерлерден тышкары федералдык полиция күчтөрү, шийит жана суннит кошуундары тартылууда.

Армия генералы Яхия Расулдун айтымында, борбор Багдаддан 240 чакырым, Киркук шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Хавижа шаарчасында “Ислам мамлекети” тобунун 1500дөй согушкери бар.

Апта башында Ирактын өкмөттүк күчтөрү Сирия менен чектеш Анбар провинциясында “Ислам мамлекети” тобунун уюктарын тазалоо операциясына да киришкен.

Ал эми 20-сентябрда Рихана деген шаарчаны бошотушкан.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ирактын ири бөлүктөрүн 2014-жылдын жайында ээлеп алган. (UE)

XS
SM
MD
LG