Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Салянованын соту: жарыш сөз башталат


Аида Салянова
Аида Салянова

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин кароону улантат. Адвокат Улан Жумаковдун “Азаттык” радиосуна ырасташынча, адвокаттар менен мамлекеттик айыптоочу тарап жарыш сөзгө чыгат. Жарыш сөздөн соң Саляновага акыркы сөз берилет.

Ленин райондук сотунун 20-сентябрдагы отурумунда айыпталуучу суроо-жооп формасында суралган. Салянова бул отурумда прокурорлор Нурлан Тагаев менен Марат Бусурманкуловдун суроолоруна иш боюнча толук маалыматы жок деген жүйө менен жооп берүүдөн баш тарткан.

Өткөн отурумда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган, муну ал саясий куугунтук деп атоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG