Мария бороонунан кийин Карибдеги Доминикан Республикасында кеминде 15 киши каза болуп, 20дай адам дайынсыз болуп жатканын премьер-министри Рузвельт Скеррит билдирди. Ал кубаты жагынынан төртүнчү категориядагы бороондун курмандыктары 100дөн ашып кетет деп кооптонгонун жашырган жок.
Табият кырсыгынан улам аралдагы жүздөгөн турак жай жабыркаган. Пуэрто-Рико толугу менен жарыксыз калды. Буга чейин өлкөнүн аэропорту, деңиз порттору жабылды. Мектеп, үйлөр талкаланып, байланыш үзүлгөн. Аралдын башкы ооруканасында жарык жок экени айтылды. Селден улам генератор да өчүрүлгөн. Премьер-министр аралдагы абалды жөнгө салууга жардам керек экенин айтты.
Буга чейин алаамат бороон тууралуу Кариб деңизиндеги башка да аралда жайгашкан өлкөлөрдүн элине эскертүү берилген. Тургундарга кандай гана болбосун эшикке чыкпоосу айтылган.
Аймак буга чейин эле ондогон адамдын өмүрүн алган Ирма бороонунун кесепетин тарткан болчу.