Европа Кеңешинин министрлер комитети орус бийлиги оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын укугун бузуп жатат деп билдирди. Бул тууралуу РБК кеңештин маалымат кызматына таянып жазды.
Орусиянын Киров шаардык соту 8-февралда Навальныйды "Кировлес" компаниясынан акча уурдаган деп таап, беш жылга шарттуу кескен.
Ушундай эле өкүм алгач 2013-жылы да чыккандан кийин Навальный жана аны менен соттолуп жаткан өнөктөшү Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, ал жерде айыпкерлердин адилет сотко болгон укугу бузулган деген чечим чыгарылган. Мына ушундан кийин Орусия соту ишти кайра кароого аргасыз болгон.
Еврокеңештин министрлер комитети Навальныйдын 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуусу үчүн шарт түзүүгө расмий Москваны чакырды. Министрлер комитети орус саясатчынын ишин декабрда дагы карайт. Орусиянын Юстиция министрлиги Европа кеңешинин айыптоосун четке кагып, орус бийлигине басым болуп жатканын билдирген.
Буга чейин оппозициячы Алексей Навальный президенттик шайлоого катыша албасын Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген.