Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Пакистандын жаңы премьери АКШнын стратегиясын четке какты


Пакистандын жаңы премьер-министри Шахид Хакан Аббаси
Пакистандын жаңы премьер-министри Шахид Хакан Аббаси

Пакистандын жаңы премьер-министри Шахид Хакан Аббаси АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын четке кагып, Кытайдын чөлкөмдөгү экономикалык ролу өсүп жатканын кубаттады. Ал мындай пикирин 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Август айында АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча стратегиясын жарыялап, аймактагы аскерий операциялардын мөөнөтү кырдаалга жараша аныкталаарын билдирген. Ал ошондой эле Пакистанды "талиптердин бейишине" айланды деп кескин сындаган.

Пакистандын премьери Аббаси бул айтылгандарды суу кечпейт деп белгилеп, ооган өкмөтү менен иштешүүгө даярдыгын, бирок ийгиликсиз стратегияны колдобой турганын айтты.

XS
SM
MD
LG