Фейсбук социалдык түйүнү саясий максаттагы жарнамаларды жарыялоо тартибине алдыңкы жылдары өзгөрүүлөрдү киргизет. Ага ылайык, колдонуучулар кайсы бир саясий рекламанын артында ким турарын ачык көрө алышат.
"Мен кайсы бир тарап биздин инструменттерди демократияга каршы колдонушун каалабайм",-деди Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг.
Бул компания АКШдагы былтыркы президенттик шайлоодо орусиялык уюмдардын жарнамаларын жарыялаганы үчүн сынга кабылган.
Фейсбук шайлоо өнөктүгү маалында орус тарап акча төлөгөн 3 миңдей рекламанын көчүрмөсүн АКШ Конгрессине өткөрүп берерин да билдирди. Конгрессте бир канча комитет Орусия былтыркы шайлоого канчалык таасир тийгизгенин иликтеп жатат.