Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Кара-Сууда Бабановдун үйгө илинген баннери алынды


Kara-Suu Babanov
Kara-Suu Babanov

Бул тууралуу Кара-Суу районунун Кыргызстан (Бирлешкен) айылынын тургуну Меңдиайым Мамасалиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал өзү колдогон президенттике талапкер Өмүрбек Бабановдун баннерин кыштактагы үйүнүн жол жактагы ыптасына илип койгон. Бирок айыл башчы Үсөн Төлөнбаев жана айылдык кеңештин депутаты Кубаныч Турдиев келип, баннерди алып салуусун талап кылган.

-Айылдын борбордук көчөсүндө дүкөн бар, ошонун жанында менин үйүм жайгашкан. Мен өзүм колдогон талапкердин баннерин атайын үйүмдүн дубалына илип койсом, айыл башчы Үсөн Төлөнбаев менен депутат Кубаныч Турдиев келип, инимди коркутуп кетишиптир. “Баннерди илбегиле, бул айылда КСДП партиясынын талапкеринин гана баннери илиниши керек” деп түшүнүк кат да жаздырып алышыптыр. Мен демократиялык өлкөдө жашаган жаран катары өзүмдүн үйүмдүн алдына каалаган талапкеримдин баннерин илгенге укугум жокпу? Же эмне биздин айыл КСПДнын менчигиби?, - дейт Мамасалиева.

Меңдиайым Мамасалиева жергиликтүү бийликтердин кысымынан кийин талапкердин баннерин короосунун ичине илүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми Үсөн Төлөнбаев менен Кубаныч Турдиевдин өздөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстан айылы баш ийген Төлөйкөн айыл округунун башчысы Алмаз Абдукаримов бул жагдай боюнча кабардар экенин айтып, тескерисинче Мамасалиеванын өзүн күнөөлөдү. Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик Бабановго кысым жасап жатканын, "Кыргызстан айылында КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун гана баннери илиниш керек деп айыл башчылар айтты" деген сөздү да четке какты. Абдукаримовдун айтымында, Бабановдун тарапкерлери жергиликтүү бийликтерден уруксат алган эмес жана келишими да жок болгон. “Мамасалиева өзүнүн үйүнүн ичинде иле берсин, баннерди көчө жакка илип жатканы мыйзамсыз”, - деди Абдукаримов.

Кыргызстан айылы жана Төлөйкөн айыл округу Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG