Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Орусия Европа кеңешинин Навальный боюнча талабын четке какты


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиянын Юстиция министрлиги Европа кеңешинин оппозициячыл активист Алексей Навальный тууралуу 21-сентябрдагы билдирүүсүнө жооп кайтарды. Министрлик аталган эл аралык уюм өз ыйгарым укуктарынан аша чаап жатканын, орус бийлигине 2018-жылдагы шайлоо алдында кысым көрсөтүп жатканын билдирди.

Европа кеңешинин чечим кабыл алуучу Министрлер комитети Орусияга кайрылып, Навальныйга президенттик шайлоого катышууга уруксат берүүгө чакырган. Аталган комитет Европанын адам укуктары боюнча соту Навальныйды актаган чечим чыгарганына карабай орус бийлиги активисттин укуктарын чектеп жатат деп эсептейт.

Орусиянын Киров шаардык соту 8-февралда Навальныйды "Кировлес" компаниясынан акча уурдаган деп таап, беш жылга шарттуу кескен. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бул сот өкүмүнөн улам Навальный шайлоого катыша албастыгын айтып жатат.

XS
SM
MD
LG