Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Крымдык журналист 2,5 жылга шарттуу соттолду


Журналист Микола Семена
Журналист Микола Семена

Орусия аннексиялаган Крымда "Эркин Европа / Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист Микола Семена 2,5 жылга шарттуу соттолду. Крымдын соту журналистти жикчилдик айыптары боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга иштөөгө тыюу салды.

Былтыр жазында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ага кылмыш иш козгогон. 66 жаштагы Семенага Крым.Реалии сайтына 2015-жылы жазган макаласы аркылуу Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деген айып коюлган.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Том Кент бул сот өкүмүн айыптап, аны Крымдагы орус бийлигинин көз карандысыз ой-пикирлерди кысымга алуу аракети катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG