Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Балбан кыз Мээрим Момунова Азия оюндарында алтын алды


Мээрим Момунова алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону болгондон кийин "Азаттыктын" студиясында конокто. 10.08.2017-ж.
Мээрим Момунова алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону болгондон кийин "Азаттыктын" студиясында конокто. 10.08.2017-ж.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын алкагында болгон алыш күрөшүнүн эркин стили боюнча таймаштарында кыргызстандык Мээрим Момунова алтын медал тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен күч сынашуулар башталып кыз-келиндер жана эркектер арасында алты салмактан балбандар байге үчүн күч сынашып жатат.

60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Момунова жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда түркмөнстандык түркмөнстандык Зухра Мадраимованы 3:0 эсебинде таза жеңди. Жарым финалда казакстандык Улжан Дүйсембаеваны 3:2 эсебинде утуп алды. Алтын байге үчүн финалдык таймашта түркмөнстандык Зарина Абдурахманованы 3:0 эсебинде жеңип, алтын медал тагынды. Ал буга чейин бул мелдештердин бел боо күрөшү (классикалык түрү) боюнча таймаштарында 20-сентябрда күч сынашып күмүш медал алган эле.

Момунованын бүгүн алган байгеси жабык имараттагы Азия оюндарында Кыргызстандын эсебиндеги үчүнчү алтын медал. Буга чейин жиу-житсудан Абдурахманхажи Муртазалиев (85 кг.) жана бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн Бекзат Тынчтыкбек уулу (55 кг.) алтын медал тагынышкан.

Мээрим Момуновадан сырткары бүгүн алыш күрөшүнүн эркин стилинен 90 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Нурбек Кожобеков дагы финалда күрөшөт. Ал алтын байге үчүн түркмөнстандык Арслан Ибраимгулиев менен таймашат.

Алыш күрөшүнүн эркин стилинен Кыргызстандан 14 балбан килемге чыккан. Алардын арасынан Мадаминбек Шаршеналы уулу (70 кг.) жана Анара Рыскулова (55 кг.) коло байге алышты. Күрөштүн ушул эле түрү боюнча классикалык стилдеги таймаштары эртең, 23-сентябрда болот.

Кыргызстан сунуштаган Алыш күрөшү бул мелдештердин программасына алгачкы жолу кошулду.

Жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары 17-сентябрда башталган. Ага 64 өлкөдөн жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн мелдештерге катышты.

Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн ат салышып жатат. Учурда Кыргызстандын спортчуларында 33 байге бар. Алардын үчөө алтын, ону күмүш, 20сы коло. 33 байге менен Кыргызстан медал алган өлкөлөрдүн катарында азырынча 12-орунга көтөрүлдү. 158 байге менен Түркмөнстандын командасы көч башын жетектеп бара жатат. Түркмөн спортчулары 59 алтын, 45 күмүш, 54 коло. Алар алган байгелердин басымдуу бөлүгүн түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, казак күрөшү, өзбек күрөшү жана жиу-житсу спортунан алынган медалдар түзөт. (ECh).

XS
SM
MD
LG