Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Балбан Кожобеков Азия оюндарында күмүш медал тагынды


Нурбек Кожобеков жабык имараттагы Азия оюндарында. 22-сентябрь, 2017-ж.
Нурбек Кожобеков жабык имараттагы Азия оюндарында. 22-сентябрь, 2017-ж.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыргыз балбаны Нурбек Кожобеков күмүш медал тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыз-келиндер жана эркектер арасында алты салмактан балбандар байге үчүн күч сынашты.

90 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Кожобеков жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач чейрек финалда түркмөнстандык Нурмурат Дурдуевди, жарым финалда тажикстандык Хуршед Шариповду жеңди. Финалда алтын байге үчүн түркмөнстандык дагы бир балбан Арслан Ибраимгулиев менен таймашты.

Беттешке берилген үч мүнөттүн эки мүнөтүндө балбандар упай ала алышкан жок. Таймаш аяктаарына 50 секунд калганда алгачкы бир упайды түркмөн балбаны алды. Андан соң дагы эки упай Ибраимгулиевдин эсебине жазылды (2 мүнөт 53 секунда). Беттештин бүтөөрүнө бир секунд калганда Кожобеков атаандашын буттан чалып, килемге таза басып жыгылган. Тилекке каршы ал учурда беттешке берилген убакыт бүтүп калгандыгына байланыштуу кыргыз балбанынын аракетине упай берилбей, жеңиш түркмөн балбанына ыйгарылды. Ошентип алтын медалды түркмөн спортчусу тагынса, Кожобеков күмүш медалга ээ болду.

Кожобековдон сырткары бүгүн, 22-сентябрда Алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыргыз балбандарынан Мээрим Момунова кыз-келиндер арасында 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп алтын медал тагынды. Ал эми коло байгелерди эркектер арасында Мадаминбек Шаршеналы уулу (70 кг.) жана кыз-келиндер арасында Анара Рыскулова (55 кг.) алышты. Күрөштүн ушул эле түрү боюнча классикалык стилдеги таймаштары эртең, 23-сентябрда болот.

Кыргызстан тарабынан сунушталган Алыш күрөшү бул мелдештердин программасына алгачкы жолу кошулду.

Жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары 17-сентябрда башталган. Ага 64 өлкөдөн жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн мелдештерге катышты.

Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн ат салышып жатат. Учурда Кыргызстандын спортчуларында 34 байге бар. Алардын үчөө алтын, он бири күмүш, 20сы коло. 34 байге менен Кыргызстан медал алган өлкөлөрдүн катарында азырынча 14-орунда. 175 байге менен Түркмөнстандын командасы көч башын жетектеп бара жатат. Түркмөн спортчулары 69 алтын, 50 күмүш, 55 коло алышты. Аларга таандык медалдардын

басымдуу бөлүгүн түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, казак күрөшү, өзбек күрөшү жана жиу-житсу спортунан алынган медалдар түзөт. (ECh).

XS
SM
MD
LG