Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Шайлоо-2017: КМШ миссиясынын штабы ишин баштады


Бишкекке көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин миссиясынын атайын өкүлдөрү келишти. 22-сентябрда КМШ миссиясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Гуминский баш болгон бир нече өкүл БШК мүчөлөрү менен жолукту.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей КМШ миссиясынан бардыгы болуп 200гө жакын эл аралык байкоочунун келиши күтүлүүдө. Алар 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт.

Учурда БШКга 38 мамлекеттен 203 эл аралык байкоочу катталды. Эл аралык байкоочулар шайлоого беш күн калганга чейин каттала берет. (SDz)

XS
SM
MD
LG