Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:01

Украинанын Львов облустук соту Одессанын мурдагы губернатору жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини мыйзамсыз чек арадан өткөнү үчүн күнөөлүү деп табышты. Соттун чечимине ылайык Саакашвили мамлекетке 3400 гривна (130 доллар) төлөөгө милдеттендирилди.

Саясатчы өзү сот отурумуна катышкан жок. “Интерфакс-Украина” агенттиги кабарлагандай, Саакашвили сот учурунда Черкассы облусунда жолугушууда болгон.

Июль айынын этегинде Украинанын президенти Петр Порошенко Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Президент мындай буйругун Саакашвили Грузияда кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөнүн өз маалында айтпаганына байланыштуу чыгарган.

10-сентябрда Саакашвили жүздөгөн тарапташтары менен польша-украина чек арасын кесип өтүп, Украинага кирип кеткен. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG