АКШнын ички коопсуздук министрлиги 2016-жылдагы президенттик шайлоонун алдында хакерлердин бутасында турган 21 штатка билдирме жөнөткөн.
Натыйжада хакерлер шайлоо комиссиясынын компьютерлеринен маалыматтарды алалган эмес. Ошентсе да алар бир нече штаттын компьютердик желесине кирип кеткен.
Ички коопсуздук министрлиги чабуулдар каяктан болгонун ачыкка чыгарган эмес, бирок үч штаттын өкүлдөрү хакерлердин изи Орусияны көздөй баратканын маалымат каражаттарына айткан. Ал эми Висконсинин шайлоо комиссиясы хакердик чабуулдарды “орус өкмөтүнүн хакерлери” уюштурганын ачык айтышкан.
Ар кайсы штаттагы шайлоо комиссиясынын компьютерлерине киберчабуул болгону тууралуу маалыматтар бир жыл мурда эле чыкканы менен азыр гана федералдык бийлик бул фактыны ырастап жатат.
Чалгындоо боюнча сенат комитетинин төрага орун басары Марк Уорнер ички коопсуздук кызматын сындап: “биздин шайлоо демократиянын пайдубалы жана ички коопсуздук кызмат штаттар менен муниципалитеттин шайлоо системасына киберчабуул болору тууралуу токтоосуз айтышы керек болчу” деп билдирди. (SDz)