Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Милиция ымыркайды таштандыга ыргыткан энени тапты


Кармалган жаран
Кармалган жаран

Бишкек шаардык милициясы Киркомстрой районундагы таштандылардын бирине жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен энени тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ШИИБнын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Маалым болгондой 14-сентябрда милицияга телефон аркылуу таштандыдан ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Тартип сакчылар жерине барганда ымыркай киши колдуу болгону аныкталган.

- Издөө иштеринин натыйжасында 30 жаштагы аял аныкталды. Ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алды. Шок абалында баласын өлтүрүп алганын милицияга айтып берди. Учурда шаардык тергөө изоляторуна камакка алынды.

Адыл Оморов кошумчалагандай, учурда бир катар соттук-экспертиза дайындалды жана тергөө иштери уланып жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG