Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык жайдагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бүгүн алыш күрөшүнүн классикалык стилинен таймаштар өттү. Балбандар кыз-келиндер жана эркектер арасында алты салмактан байге үчүн күч сынашып жатышат.
Кыргызстандан 15 балбан килемге чыкты. Алардын арасынан Руслан Тавалдиев (-80 кг.) коло медал алды. Алдыда финалда кыз-келиндер арасында Нурзат Бактияр кызы (-70 кг.) жана Алтынай Мамарасул кызы (-75 кг.), эркектер арасында Эрланбек Мурзабеков (-60 кг.), Эсенбек Кудайбердиев (-80 кг. ) жана Асылбек Халматов (+100 кг.) бүгүн кечинде күрөшөт.
Кыргызстан тарабынан сунушталган алыш бел боо күрөшү бул мелдештердин программасына алгачкы жолу киргизилди.
Кечээ, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыргыз балбандарынан Мээрим Момунова (-60 кг.) алтын, Нурбек Кожобеков (-90 кг.) күмүш медал тагынды. Ал эми коло байгелерди эркектер арасында Мадаминбек Шаршеналы уулу (70 кг.) жана кыз-келиндер арасында Анара Рыскулова (55 кг.) алышты. (ECh)