Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:00

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө бүгүн жаштар диний экстремизмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар туура эмес диний агымдарга азгырылбоо боюнча чакырык ташташып, ураандар айтылды.

Бул жыйын жөө жүрүштөн соң талкуу менен уланды. Ага айыл тургундары, окуучулар, дин өкүлдөрү, коопсуздук кызматкерлери катышты. Жыйындын өзгөчөлүгү катары катышуучуларга Сирияга барып келген жарандар ал жактагы терс көрүнүштөр тууралуу айтып, жаштарды согушка азгырылбоого чакырды.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча учурда Сириядагы согушка 500дөн ашык кыргызстандык катышып жүрөт. Мындан башка үчүнчү өлкөдөн ал жакка кетип калган кыргыз жарандары бар экени айтылганы менен кыргыз өкмөтү алардын санын так айтуу мүмкүн эместигин билдирип келет. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG