Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Шайлдабекова Келдибеков боюнча түшүндүрмө берди


Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков соттуулугун 31-августка чейин алдыртууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушууда билдирди.

- Келдибековдун арызын БШК каттабай койгонго укугу жок болчу. Себеби анын соттуулугун алдыртууга 31-августка чейин мөөнөтү болгон. Сотко кайрылып, соттуулугун жойдуртканга мыйзам жол берет. Биз дагы Келдибековдун өзү менен байланышып, соттуулугун алдырган чечимди алып келүүсүн суранып жаттык. Ал “мөөнөтүм бар” деп бизге жооп берип жатты. Бирок 30-августта бизге анын соттуулугу жоюлбаганы жөнүндө расмий билдирме келип, ошондон кийин гана биз Акматбек Келдибековду талапкер кылып каттоодон баш тарттык.

Бүгүн “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы БШК имаратынын ичинде Боршайкомдун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бир нече саат мурда кыймыл мүчөлөрү шайлоо технологиялары менен таанышып, алардын иштөө тартибин сындан өткөрдү.

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы өткөн аптада түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө болушкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG