Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Отунбаева БШКны таза иштөөгө чакырды


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

“Силерди эл шайлаган, эч кимден коркпой, эч кимге баш ийбей иштегиле”, - деген пикирин экс-президент Роза Отунбаева БШК мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

- Менин учурумда Акылбек Сариев БШК төрагасы болчу. Мен аны менен шайлоо учурунда көрүшчү эмесмин, ал өз ишин өзү алып барып келген. Мага отчет берчү эмес. Силерди Атамбаев өзүнө жакшы болуп, калган талапкерлерге кыйынчылык болуш үчүн койгон эмес, - деди Отунбаева.

Экс-президенттин бул сөзүнө БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жооп узатып, БШК бардык чечимдерди мыйзам негизинде гана алып бара турганын билдирди.

- Мени Атамбаев шайлаган эмес, мени ушул жакта отурган коллегалар шайлаган. Биз эч ким менен жолукпайбыз жана бардык чечимди өзүбүз добуш берүү аркылуу кабыл алабыз. Ушул отурган жерден бардык кесиптештериме кайрылам, маселени бурмалабастан жамаатты сыйлагыла. Биз коллегиалдуу органбыз, демек чечимдин бардыгы добуш берүү менен кабыл алынат. Көпчүлүк жамаат кандай чечим кабыл алсак, ошону да сыйлай билели.

“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын мүчөлөрүнүн бири Феликс Кулов, жарандык коом БШКга саясий бааны берет деп, Боршайкомду бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө коштоп өттү.

Бүгүн “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы БШК имаратынын ичинде Боршайкомдун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бир нече саат мурда кыймыл мүчөлөрү шайлоо технологиялары менен таанышып, алардын иштөө тартибин сындан өткөрдү. (SDz)

XS
SM
MD
LG