Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Донецкиде жикчилдердин лидерлеринин бирине кол салуу болду


Александр Тимофеевдин сүрөтү менен плакат
Александр Тимофеевдин сүрөтү менен плакат

Өзүн "Донецк эл республикасы" деп атаган өлкө бийлиги “киреше жана жыйноо министри” Александр Тимофеевге кол салуу болгонун кабарлады. Орус ММКлары кабарлагандай, Донецкиде анын автоунаасында жарылуу болуп, сегиз адам жараат алды.

“Донецк эл республикасынын” тартип сактоо органдарындагы өздүк булактар “РИА-Новости” агенттигине билдиргендей, Тимофеев учурда оор абалда жатат. Ошол эле учурда “Киреше жана жыйноо министрлиги” анын тирүү жана куландан соо экенин кабарлады.

“Интерфакс” Донецкиде эки жардыруу болгонун, учурда ал жерлер курчоого алынганын маалымдайт.

"Донбасс.Реалии" порталы Александр Тимофеев Украина чыгышындагы куралдуу согушка катышкан жана көмүр соодасы менен алектенчү деп жазат.

2016-жылы Подмосковьеде Ураинанын орусчул “Оплот” кыймылынын лидери Евгений Жилин атып өлтүрүлгөн.

Февраль айында Донецкиде жикчилдердин талаа командири “Гиви” деген каймана аты менен таанымал Михаил Толстых жардыруудан мерт кеткен.

2016-жылдын октябрь айында Донецкинин лидерлеринин дагы бири “Моторола” деген ат менен белгилүү Арсен Павлов өлтүрүгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG