Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Түндүк Корея жер титирөөгө байланыштуу ракета сыноого шектелүүдө


Кытай сейсмологдору Түндүк Кореяда 3,4 баллдык жер титирөөнү байкады. Окумуштуулар анын өзөктүк бомбаны сыноодон улам келип чыгышы мүмкүндүгүн айтууда. Жер титирөөнүн очогу Корея Элдик Демократиялык Республикасынан (КНДР) 50 чакырым алыстыкта, буга чейинки өзөктүк курал сыналган жерге туш келди.

Эки жолу жер титирегенин өзөктүк куралды сыноого каршы СТВТО эл аралык уюму да байкаган. Бирок эксперттер бул жаратылыш кубулушу деген пикирди карманып жатат. Мындай бүтүмгө Түштүк Кореянын бийлиги да ыктоодо.

Сентябрь айынын башында КНДР алтынчы ирет өзөктүк сыноону өткөрүп, суутек бомбаны жасап чыкканын маалымдаган. Бул тест тууралуу жер титирөөдөн улам белгилүү болгон. Ушундан улам БУУннун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата санкцияны күчөткөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG