Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Ашхабад-2017: Алыш күрөшүнөн кыргыз балбандары үч алтын медал тагынды


Алыш күрөшүнөн имарат ичиндеги Азия оюндарында жеңүүчү болгон Нурзат Бактияр кызы. 23.09.2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.
Алыш күрөшүнөн имарат ичиндеги Азия оюндарында жеңүүчү болгон Нурзат Бактияр кызы. 23.09.2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында Алыш күрөшүнүн эркин түрүнөн Кыргызстандын балбандары үч алтын, эки күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.

Мелдештин рамий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн кыз-келиндер арасында алты салмакта, эркектер арасында алты салмакта байге ойнотулду. Кыргызстандан 15 балбан күч сынашууга чыккан. Алардын арасынан бешөө финалга чыкса, Руслан Тавалдиев (-80 кг.) коло медал тагынды.

Алтын байгелерди кыз-келиндер арасында Нурзат Бактияр кызы (-70 кг.), Алтынай Мамарасул кызы (-75 кг.), жана эркектер арасында Эсенбек Кудайбердиев (-80 кг.) алды. Күмүш байгелерге эркектер арасында Эрланбек Мурзабеков (-60 кг.) жана Асылбек Калматов (+100 кг.) ээ болду.

Кыргызстан тараптан сунушталган Алыш күрөшү бул оюндардын программасына алгачкы жолу кошулуп, эркин жана классикалык түрлөр боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпысынан 24 топтом медал ойнотулду.

Кечээ, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен кыргыз балбандарынан Мээрим Момунова (-60 кг.) алтын, Нурбек Кожобеков (-90 кг.) күмүш медал тагынды. Ал эми коло байгелерди эркектер арасында Мадаминбек Шаршеналы уулу (70 кг.) жана кыз-келиндер арасында Анара Рыскулова (55 кг.) алышты.

Учурда Кыргызстандын эсебинде алты алтын, 13 күмүш жана 21 коло бар. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 40 байге менен 10-катарда бара жатат.

17-сентябрда башталган имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрга чейин уланат. Мелдештер спорттун 21 түрү боюнча өтүп жатат. (ECh).

XS
SM
MD
LG