Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Бекматов: Мени мыйзамсыз иштеп жатат деген негизсиз


Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов өзүнүн кызматтык ордунун мыйзамдуулугу тууралуу түшүндүрмө берди. Ал учурда “Бир бол” партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде эмес экенин айтты:

- Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде талапкердин статусу деген бар. Анда “шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин, кандидаттын статусу өзүн жоготот” деп турат. Мен бул боюнча Жогорку Кенештин комитетине да кат жазгам. Ал жактан мага “2015-жылдын 20-октябрынан кийин эле талапкерлик милдеттен бошотулгансың” деген жооп келген. Эгерде кайрадан Жогорку Кеңешке шайлоо болуп, мен партиянын тизмесинде катталып, БШКда да мүчө болуп отурсам анда бул мыйзамсыз болот.

19-сентябрда “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын форумунда БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Абдыжапар Бекматов “Бир бол” партиясынын талапкерлер тизмесинде экенин айтып, мыйзамды бузуп жатканын билдирген. Сариевдин айтуусунда, Бекматов өз ыктыяры менен партиянын талапкерлер тизмесинен чыгып кеткен эмес жана азыркыга чейин тизмеде 33-сапта турат. (SDz)

XS
SM
MD
LG