Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

Аба ырайы: тоолорго кар түшөт


Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын болушу мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ал эми үшүк жыйналбаган жашылча жемиштерге, картошка жана кант кызылчасы үчүн кооптуу.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20°,

Суусамырда түнкүсүн -3…-8°, күндүз 11…16° болот.

Таласта түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20° жылуу,

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20 градуска жетет.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 11…16° болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7 градуска чейин төмөндөйт.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 16…18° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG