Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

АКШнын антидопинг агенттиги: Орусияны Олимпиадага катыштырбоо керек


Иллюстрация
Иллюстрация

Кошмо штаттардын антидопинг агенттигинин жетекчиси Травис Тайгерт Орусия кийинки кышкы Олимп оюндарына катышып калышы мүмкүн деп эсептейт. "Эл аралык Олимпиада комитети жана Дүйнөлүк допингге каршы агенттик Орусиянын айрым гана спортчуларына катышууга уруксат бериши керек. Ал үчүн спортчулар стероид жана тыюу салынган дарыларды ичпегенин далилдеп берүүсү кажет", - деди Тайгерт.

17 өлкөнүн антидопинг агенттиги Орусияны 2018-жылы боло турган Олимп оюндарынан четтетүүнү талап кылышкан. Биргелешкен билдирүүдө “Орусиянын катышуусу олипиада кыймылынын келечегине жана таза спортсмендерге сокку болоору” айтылган.

Допингге каршы демилгечилер азыркыга чейин Орусиянын спортчулары боюнча иликтөө бүтө электигин, ал эми Орусия ич ара тазаланууга барбай жатканын айтып келишет.

Буга чейин Эл аралык олимпиада комитети орус спортчуларына карата иликтөөнү жыл этегине чейин бүтүрөрүн айтышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG