Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

БШК Зилалиевдин Баткендеги сөзү боюнча маселени кароодо


Дүйшөнбек Зилалиев БШКнын жумуш тобунда (22-сентябрь, 2017-жыл)
Дүйшөнбек Зилалиев БШКнын жумуш тобунда (22-сентябрь, 2017-жыл)

Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун дарегине келип түшкөн арыздарды карап жатат.

БШК мүчөсү Назарали Арипов бул маселе буга чейин жушушчу топто каралганын, бирок иштин акыйкат иликтешин камсыз кылууда БШК төрайымы аппарат кызматкерлерине кысым жасап жатканын билдирди.

Бул дооматты төрайым Нуржан Шайлдабекова четке кагып, жумушчу топтун курамы БШК мүчөлөрү менен макулдашылып куралганын, аны Арипов негизсиз жерден каралаганын билдирди.

Назарали Арипов вице-премьер-министр Зилалиев жана диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун үгүткө аралашканы боюнча маселени кароо дагы убакытты талап кыларын, маселени кийинкиге калтырууну сунуштады. Бирок БШКнын башка мүчөлөрү убакыт тар экенин, коомчулук бул боюнча БШКнын чечимин күтүп жатканын белгилешти.

Бүгүн БШК эки маселе боюнча чечим кабыл алганы жатат.

Мамлекеттик кызматтагы адамдарга үгүт иштерине аралашууга мыйзам жол бербейт деген негизде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунун активи менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүн талдап, расмий эскертүү берүү суранычы менен БШК төрайымына жарандык активист Адил Турдукулов жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү арыз жазышкан. Ушундай эле өңүттөгү экинчи арызда аталган тараптар Жээнбековдун шайлоо штабына жана Чубак Жалиловго расмий эскертүү берүүнү өтүнгөн.

Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, бийликтин талапкерин колдой турганын билдирген. 21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков ага эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтеткен.

Ал эми президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуусунда Чубак Жалиловдун сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Тасмада Жалилов "Жээнбековду колдойбуз деп келип отурабыз" деп айткан.

Бул жолугушууга Жээнбеков менен биригип, оппозициялык ишмердигин токтоторун жарыялаган президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев да катышкан.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG