Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Нью-Йорктогу кыргызстандыктар 50 жетим баланын окуусун каржылайт


АКШдагы кыргыздар
АКШдагы кыргыздар

Нью-Йорктогу кыргызстандыктар Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы №71 жатак мектепте билим алып жаткан 50 окуучунун бир жылдык чыгымын каржылайт. Бул тууралуу "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Бакыт Татибеков башында турган Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасы аталган фонддун "Бир демөөрчү - бир окуучу" долбоорунун алкагында 50 жетим баланын жылдык чыгымын көтөрөт.

Жатак мектепте томолой жана жарым жетим 200 окуучу билим алат. Мугалимдердин айлыгынан тышкаркы чыгымдарды "Элим, барсыңбы?" фонду каржылайт. Бир окуучунун жылдык чыгымы 500 долларды түзөт.

Хабиб Арзыкулов АКШнын Пенсильвания, Вашингтон, Огайо, Цинциннати, Калифорния штаттарын кыдырып, жетим балдар үчүн журтташтардан колдоо күтөт.

АКШда болжол менен 20 миңден ашык кыргызстандык окуп, иштейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG