Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Франциядагы шайлоодо Макрондун партиясы жеңилиши мүмкүн


Францияда парламенттин жогорку палатасына шайлоо өтүп жатат. Бул шайлоодо Франциянын президенти Эммануэл Макрондун “Алга, Республика” партиясы палатадан жарым орунду алып калуу үчүн активдүү күрөшүүдө. Бирок шайлоонун жыйынтыгы Макрондун ишине нааразычылык өсүп жаткан көрүнүштүн жыйынтыгын чыгарчудай болуп турат. Анткени анын центристтик партиясы шайлоодон утаары күмөн экени айтылууда.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, консервативдик “Республика” партиясы жогорку палатада үстөмдүк кылууну улантат. Ал эми Макрондун партиясы экономикалык реформаларды аткаруу үчүн Сенатта союз түзүүгө аргасыз болот.

Францияда сенаторлор түз шайланбайт. Алар добуш берүүгө укугу бар 75 миң кызмат адамдары аркылуу шайланат. Шайлоонун жыйынтыгы жекшемби күнү кечинде маалым болот. (SDz)

XS
SM
MD
LG