Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Мындай чечим 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынды. БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү ал шайлоо штабынын башчылыгынан алынып, эскертүү берилгени - мыйзам бузуу боюнча жоопкерчиликке тартылышына жатарын белгилеп, кайрадан жоопкерчиликке тартылуусун туура көргөн жок. Бирок бир катар талаш-тартыштан кийин БШК премьер-министр Сапар Исаковго Дүйшөнбек Зилалиевге мурдагыдан да катаалыраак чара көрүлүшү керек деген чечимин жибермей болду.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, бийликтин талапкерин колдой турганын билдирген. 21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков ага эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтеткен. Бирок бул эскертүүнү жетишсиз деп санаган жарандык активист Адил Турдукулов, ошондой эле президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү Зилалиевдин жолугушууда сүйлөгөн сөзүн талдап, расмий эскертүү берүү суранычы менен БШКга арыз жазышкан. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы ошол арыздарды карады. (KJ/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG