Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Германиядагы шайлоо: добуш берүү аяктоодо


Ангела Меркел Берлинде добуш берди, 24-сентябрь.
Ангела Меркел Берлинде добуш берди, 24-сентябрь.

Германиядагы парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктаарына саналуу мүнөттөр калды. Добушканалар жергиликтүү саат боюнча 18:00дө (Бишкек убактысы боюнча 22:00дө) жабылып, андан соң алгачкы жыйынтыктар белгилүү боло баштайт.

Күндүзгү саат 2ге карата шайлоочулардын 41,1 пайызы добуш берди. Сурамжылоолор боюнча, бул шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы добуштардын 34-37 пайызын алып, биринчи орунга чыгат деп болжонууда. Социал-демократтар партиясы 21-22 пайыздык добушка ээ болот деп күтүлүүдө.

Миграцияга каршы чыккан "Германия үчүн альтернатива" партиясы биринчи жолу парламентке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат деп жоромолдонууда.

Германияны 12 жылдан бери башкарып келе жаткан Ангела Меркел бул жолку шайлоону утса, төртүнчү ирет канцлер болуп шайланмакчы.

XS
SM
MD
LG