Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Индия менен Пакистан БУУда бири-бирин террорчулукка айыпташты


Индия менен Пакистандын Кашмир аймагындагы чек арасы
Индия менен Пакистандын Кашмир аймагындагы чек арасы

Индия менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынында бири-бирин террорчулукту колдойт деп айыпташты.

Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж 23-сентябрдагы кайрылуусунда Пакистан "террорчуларды чыгарган фабрика" болуп калганын айтып, бул өлкөнү "Террористан" деп атаган эле. Пакистандын БУУдагы элчиси Малиха Лодхи болсо Индиянын өзүн террорчулукка күнөөлөп, аны Түштүк Азиядагы "террорчулуктун энеси" деп атады.

Индия расмий Исламабадды террорчуларды машыктырып, Кашмир аймагына жөнөтөт деп көптөн бери айыптап келет. Пакистан мындай айыптарды бир нече ирет четке каккан.

Индия менен Пакистан Кашмир аймагын дээрлик 70 жылдан талашып келе жатат.

XS
SM
MD
LG