Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Молдова: социалисттер президенттин бийлигин бекемдөөгө үндөштү


Бэлць шаарындагы социалисттердин жүрүшү
Бэлць шаарындагы социалисттердин жүрүшү

Молдованын оппозициядагы Социалисттик партиясы президенттин бийлигин кеңейтүүнү жана парламенттик системадан президенттик башкарууга өтүүнү жактаган өнөктүк баштаганын жарыялады. Орусияга ыктаган президент Игор Додондун партиясы бул чечимин 24-сентябрда билдирип, бул жарыя Молдованын үч шаарындагы партия тарапкерлеринин жүрүштөрү менен коштолду.

Президент Додон бул күнү өз укуктарын кеңейте турган референдум өткөрүүнү көздөгөн. Бирок Молдованын Конституциялык соту бул планды мыйзамга каршы келет деп тапкан.

Молдовада Батышка ыктаган, парламентте көпчүлүктү түзгөн Демократиялык партия менен президент Игор Додондун ортосунда карама-каршылык уланып жатат. Премьер-министр Павел Филип менен президенттин администрациясы тышкы саясат өңдүү бир катар маселелерде тил табыша албай келишет.

XS
SM
MD
LG