Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Германия: Меркелдин партиясы шайлоодо биринчи келди


Ангела Меркел
Ангела Меркел

Германияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала (экзитпол) жыйынтыктарына ылайык, канцлер Ангела Меркел жетектеген саясий биримдик добуштардын 33 пайызын алып, биринчи орунга чыкты.

Канцлердин Христиан-демократтар партиясы бул жолку шайлоого Бавариянын Христиан-социалдык партиясы менен чогуу катышты.

Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы добуштардын 20 пайызына ээ болду. Шульц тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, шайлоодо утулганын моюнга алды. Ал өз партиясы оппозицияга кетерин жарыялады.

Исламга жана миграцияга каршы кескин чакырыктары менен бул шайлоого катышкан "Германия үчүн альтернатива" партиясы 13,5 пайыздык добуш топтоп, Германиянын парламентиндеги үчүнчү ири партияга айланды. Ошондой эле Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин биринчи жолу Бундестагга кирген ашкере-оңчул партия болуп калды.

Экзитполдун жыйынтыгы боюнча, Эркин демократиялык партия 10,5%, Жашылдар партиясы 9,5%, Солчулдар партиясы 9% добуш топтошуп, 5 пайыздык босого чектен өтүштү.

Эми Ангела Меркел жаңы коалиция түзүшү керек болот.

XS
SM
MD
LG